Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу 6 жылда курулат
19.06.2024 | 11:41
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл октябрь айында башталып, ал 6 жылда бүтөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Маалыматка караганда, жол Кыргызстандын аймагынан туннель жана көпүрөлөр аркылуу өтөт.
Транспорт министринин орун басары Ырысбек Барпиевдин маалыматында, Макмалда чон станция куруу пландалууда.
Парламент мыйзам долбоорун үч окууда тең жактырды.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун 311 чакырымы Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын 95 пайызы жайыттардан өтүп, менчик жер тилкелерине жана үйлөргө тийбейт. Анын курулушу 4,7 миллиард доллар болот. Долбоордун 52 пайызын Кытай каржылайт, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан акча бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика