Агартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталды
Алга Кылычов 10 жылга соттолду
21.06.2024 | 15:04
КСДП партиясынын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычовго карата өкүм чыкты.
Жогорку Соттун маалыматында, Аламүдүн райондук соту аны 10 жылга эркинен ажыратты. Жаза мөөнөтүн түзүтүү колониясында өтөйт.
“Далилдер жок соттошту. Мен ачыгын айтайын, өз өмүрүмө кол салбайм. Бир балээ болсо эч качан ишенбегиле. Менин мындан аркы өмүрүмө, ден соолугума Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жооптуу болот. Алар мени Бакиевдерди алып келүү үчүн камап жатышат”, – деп Алга Кылычов соттун өкүмүнө оюн билдирди.
Алга Кылычовго 2019-жылкы “Кой-Таш” окуясында кишини барымтага алуу айыбы тагылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом