Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
9 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган Сокулуктун тургуну 8 жылга кесилди
21.06.2024 | 16:06
Чүй облусунун Сокулук райондук соту Марат Кны 8 жылга эркинен ажыратты. Маалыматты Reporter.kg’ге Жогорку Соттон ырасташты.
Ал жазасын жалпы тартиптеги колонияда өткөрөт.
Окуя 12-апрелде болгон. Шектүү секелек кызды алдап, үйүнө чакырган. Ага Кылмыш-жаза кодексининин 158-беренеси менен (ыплас аракеттер) айып тагылып, шектүү камакка алынган.
Кыздын үй-бүлөсүнө соттолгон жарандын туугандары коркутуп, кысым көрсөткөндүктөн, алар жашаган жерин алмаштырган.
“Ал мойнуна алып, сотто кайра айрым көрсөтмөлөрүнөн баш тартып баштады. Кызымды гаражка алып кирип кеткенин видео байкоо дагы далилдеди”, – дейт жабырлануучунун апасы.
https://reporter.kg/40-zhashtagy-zharan-9-zhashar-kyzga-garazhda-yplas-araketterdi-zhasoogo-ajyptaluuda/