Бакчиев Талантаалы Алымбекович “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин президенти кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн 22-июнда билдиришти.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ал «Манас” улуттук академиясын 2021-жылдан бери жетектеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз