Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
“Кыргызстан сулуусу” Алтынай Ботоярова Ташиевге келин болот
23.06.2024 | 19:25
“Кыргызстан сулуусу – 2021” сынагынын жеңүүчүсү, “Дүйнө сулуусу” сынагынын катышуучусу Алтынай Ботоярова Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин уулу Өмүрбекке турмушка чыгып жатат. Бүгүн “Сөйкө салуу” аземи “Фрунзе” ресторанында өттү.
Анын видеосун Алтынай Ботоярова социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Ага Өмүрбек Ташиев лайк коюп, Таймурас Ташиевдин келинчеги Эркеайым “Үй-бүлөгө кош келипсиң”- деп жазды.

Кызга сөйкөнү Камчыбек Ташиевдин жубайы салган.

Белгилей кетсек, Алтынай Ботоярова 20 жашта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат