Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт
Өзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
20.02.2026 | 16:38
Өзбекстанда космоско уча турган талапкерди тандоо боюнча жалпы улуттук сынак башталат. Президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен талапкерди издөө жана даярдоо менен алектене турган атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү. Болочок космонавттын ден соолугуна, илимий билимине жана чет тилдерин билүү деңгээлине карата катуу талаптар коюлат. Биринчи учуу 10–14 күнгө созулары пландалууда.
Космонавтты даярдоо менен бирге «Мирзо Улугбек» аттуу биринчи улуттук илимий спутникти түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аны учуруу 2028-жылга пландаштырылган. Космос аппаратын иштеп чыгууга Япониянын технологиялык институтунда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер катышууда.
Теги: Өзбекстан