Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Баткенде селде 5 жаштагы бала каза болду
25.06.2024 | 09:54
Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын 5 жаштагы тургуну Саидазим Илхамовду сел агызып кетти. Бул тууралуу аймактык администрация билдирди.
Анын сөөгү саат 23:45 чамасында табылган. Айылдын 70 жаштагы тургуну жабыркап, ооруканага жаткырылды, абалы орто.
Кечээ кечинде облустун үч районунда сел жүрүп, жалпысынан 1000ден ашык адам коопсуз аймакка көчүрүлдү
47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.
Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом