Президенттин эң көп талкуу жараткан карындашы турмушка чыгат

Президенттин эң көп талкуу жараткан карындашы турмушка чыгат

Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити колун сурады. Анын видеосун «Кыргызстандын сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Атайын даярдалган жерге Лазат жигити менен тик учакта учуп келишкен. Президенттин иниси Дөөлөт Жапаровдун күйөө баласынын ысмы Афтандил экендиги гана маалым.

Белгилей кетсек, Лазат Нуркожоева 24 жашта. Ал 2020-жылы сулуулар сынагын утуп алып, ага катышып жатканын агасы Садыр Жапаров билбегенин айткан.

Ал социалдык тармактагы баракчасында дөлөөттүү жашоосун, кымбат белектерин жана унааларын көрсөтүп турат.

Жергиликтүү медиа Лаззат өткөн жылдан тарта Свердлов райондук сотунда иштей баштаганын кабарлашкан.

«Кыргызстан сулуусу» Алтынай Ботоярова Ташиевге келин болот

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>