Кыргызстанда чакан жана орто бизнес 2025-жылы ИДПнын жарымын түздүОш шаарында үч өспүрүм ЖОЖдун студенттерин сабоого шектелип кармалышты«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөтКыргызстанда суулуу-саздуу жерлерди коргоонун жана пайдалануунун жаңы эрежелери иштелип чыктыОшто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды«Тазалык» ишканасына чыккан газдар үчүн 92 миң сом айып салынды
Кыргыз тилин билбегендер сот боло албайт. Долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү
25.06.2024 | 11:10
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунда соттук кызматка талапкер мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиш керек деген норма сунушталууда. Ал “Кыргызтесттин” сынагынан өтүп, тиешелүү сертификатты алыш керек.
Долбоорго ылайык, соттолгондор, жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондор жана оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жазага тартылгандар дагы судья боло алышпайт.
https://reporter.kg/kyrgyz-tilin-bilbese-sot-bolo-albajt-zhk-sottor-tuuraluu-myjzamdy-koldodu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом