Депутат Улуттук банктагы жети адам ай сайын 1 млн сомдон киреше тапканын сындады (видео)

27.06.2024 | 12:58

Былтыр Улуттук банкттын башкармалыгынын 7 мүчөсү ай сайын 1 млн сомдон ашык киреше тапкан. Ал мугалимдин орточо маянасынан 40 эсе көп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров билдирди.

Депутат бул тууралуу “Акчабар” сайты жазып чыкканын айтты.

“2023-жылы башкармалыктагы 7 адамдын жалпы алган акчасы 84 млн сомдон ашыптыр. Башкача айтканда, бир адам ай сайын 1 млн сомдон ашык киреше тапкан. Албетте кесипкөй адамдар жакшы айлык алыш керек. Бирок 1 млн сом жөнөкөй мугалимдин айлыгынан 40 эсе чоң болуп жатат. Азыр Кыргызстанда мугалимдин орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт. 5-10 эсе көп болсо да макул. Бирок 40 эсе көп болгону ашыкча. Анткени мурунку жылдары андай болбоптур. 2023-жылы эле болуптур. Мурунку жылдары мындан 3-4 эсе азыраак болуптур”, – деди ал.

Абакиров Улуттук банкты жаңы жетектей баштаган Мелис Тургунбаевди мындай маселени көңүл сыртында калтырбай, көзөмөлдөөгө чакырды.

Эскерте кетсек, буга чейин “Акчабар” сайты  Улуттук банкынын башкармалыгындагы 7 жооптуу адам жалпы 84 млн сом, айына 1 млн сомдон киреше тапканы тууралуу жазып чыккан.

https://reporter.kg/uluttuk-banktagy-7-kyzmat-adamy-843-mln-som-kireshe-tapkan/

Scroll to Top