Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Төө-Ашууда 3,3 млн сомго эки коомдук даараткана салынат
02.07.2024 | 11:57
Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда эки коомдук даараткана салынат. Аларды кура турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.
Дааратканалар К. Көлбаев атындагы тоннелдин түндүк жана түштүк тарабында салынат. Алар жеңил конструкциядан тургузулуп, ичинде ысык суу, ондон унитаз, экиден раковина болот. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар караламакчы. Эки даараткананын ар биринин аянты 47,7 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштерине 3 млн 292,8 миң сом кетет деп пландалууда.
Тендер боюнча арыздар 5-июлга чейин кабыл алынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом