Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери УКМКга суракка чакырылды
02.07.2024 | 14:48
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев УКМКга суракка алынып кетти. Бул тууралуу “Кылым шамы” коомдк фонду билдирди.
Азырынча анын суракка чакырылышынын себеби белгисиз.
Белгилей кетсек, буга чейин Карабаев УКМКнын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле атайын кызмат Жоомарт Карабаевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом