Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ошто балдар үчүн зыян деп табылган “Золотая жизнь” суусундугу дүкөндөрдөн алынууда
03.07.2024 | 16:28
Ош шаарында балдар үчүн зыян деп табылган “Золотая жизнь” газдалган анар суусундугу дүкөндөрдөн алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен Афганистандан чыгарылган бул суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген “азорубин Е 122” боёгун камтыйт деп табылган. Мындан улам Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору шаардагы дүкөндөрдө турган “Золотая жизнь” суусундугун сатыктан алууда. Бул иштер калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле дүкөн ээлерине аталган суусундукту сатууга болбой тургандыгы эскертилүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом