2026-жылы бизнес кимди издеп жатат жана канча төлөөгө даяр?Кыргызстандагы россиялык инвесторлор саясий тобокелдиктерден камсыздандырылатЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам Brent мунайынын баасы бир баррелине 112 доллардан аштыКыргызстан парламентте аялдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда туратМанаста 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу токтотулуп, айрым обьектилер Курулуш министрлигине өттүБир жылда акыйкатчыга сот отурумдарына арызданып, 800дөн ашык адам кайрылган
Өзбекстан Ноокатта селден жабыркагандарга 95 тонна гумжардам жөнөттү
04.07.2024 | 09:00
Өзбекстан Ош облусунун Ноокат районунда селден жабыркагандарга 95 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Гуманитардык жардамды 3-июлда коңшу мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегация жеткирип келди. Анын ичинде ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөр бар.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ноокатта катуу жааган жаандын айынан сел жүргөн. Анын айынан 10 адамдын өмүрү кыйылды, алардын ичинде жаш балдар да бар. Ошондой эле үйлөрдү суу каптап, 10дой турак жай жараксыз абалга келди, көпүрөлөрдү сел алды.
30-июнда Кара-Кулжада унааны сел агызып, анын ичиндеги ата-эне эки баласы менен көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом