Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Алты айда Орусиядагы 4,7 миң мигрант Эмгек министрлигине жардам сурап кайрылган
10.07.2024 | 18:00
Жарым жылда 4,7 миң эмгек мигранты жардам жана консультация алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Мекеменин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65тен ашык жолу Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышкан. Ал эми чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 9 жолу барып, 160тан ашуун жарандар менен жолугушууларды өткөрүштү.
Министрлик өкүлчүлүккө КР жарандарынын сөөгүн мекенине репатриациялоого байланыштуу бир жолку төлөмдөр жана жумуш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөгөндөр боюнча да кайрылса болорун эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар