Бишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалды
Таластын үчтөн бир бөлүгүн Көлбаевге караштуу аңчылык компания ээлеп алган
12.07.2024 | 10:34
Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Анын жалпы аянтты 423 миң 966 гектарды түзүп, облустун үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турат.
Коопсуздук кызматынын маалыматында, «Натур Энержи» ЖЧКсынын карамагындагы аңчылык аймак кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобундагы адамдарга таандык экендиги аныкталып, мамлекетке алынды.
Жер Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди жана биоресурстар 4 млн.465 миң 550 сомго бааланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом