Жол инспекторлору менен урушкан мас абалындагы милиция кызматкери жумуштан алындыУлуттук банк: Банк секторунда долларлашуу деңгээли азаюудаАйпери Медет кызы дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөтТИМде Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууландыПикирлер» системасы: Эми жарандар аткаминерлерге түз арыздана алышатАйдоочуларга эскертүү! 17–18-сентябрда Бишкектеги негизги көчөлөрдө чектөө болот
Президент жарандарды мүрзөгө эстелик орнотпоого чакырды
12.07.2024 | 13:04
Президент жарандарды мүрзөгө эстелик орнотпоого чакырды. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24кө” берген маегинде айтты.
Өлкө башчысы мүрзөлөр кийин иштетилиши керектигин белгилейт.
Садыр Жапаров чоң ата, чоң энесинин жана уулу Дастандын сөөгү коюлган жерлерди көрсөттү.
“Эстелик койбудук. Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткен экен, жаңыртып койдук. Сөөгүн коердо туугандар “3 бодо мал даярдап койдук, жетеби” деп сурашты. Телефондон “тоок да сойбойсуңар” дедим. “Бишкектен бери келгендер ачка кетип, сөз кылат” дешти. “Мен той берген жокмун, аза күтүп жатам. Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла” дедим. 5 миңден ашык киши келди, эч ким сөз кылган жок”, — деди Садыр Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом