Жол кайгуул кызматынын инспектору Мирлан Таалайбековду машина сүзүп кетти (видео)

Жол кайгуул кызматынын инспектору Мирлан Таалайбековду машина сүзүп кетти (видео)

Жол кайгуул кызматынын инспектору Мирлан Таалайбековду унаа сүзүп кетти. Маалыматты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Reporter.kg’ге  ырастады.

Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарында жол боюнда турган инспекторду кичи автобус коюп кеткен. Мирлан Таалайбековдун башы чайкалып, колу сынганы кабарланууда.

«Ал жол жээгинде иштеп жаткан. Учурда ооруканада, саламаттыгы жакшы. Сүзүп кеткен кичи автобус атайын жайга токтотулду», — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, Мирлан Таалайбеков жол эрежесин бузган айдоочуларды видеого тартып социалдык тармактагы баракчаларга чыгарып турат. Айрыкча анын аткаминерлер же саясатчыларды кызмат абалына карабай айыпка жыкканы коомдо колдоого алынып келет.

Инспектор туристтик сезон учурунда Ысык-Көлгө которулган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>