Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Караколдо шаар күнү менен биргеликте 1,5 тонна ашлян-фу даярдалууда
01.07.2019 | 17:24
Бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын шаар күнү белгиленүүдө. Аталган шаардын 150 жылдыгынын урматына 1,5 тонна ашлян-фу да жасалууда. Бул тууралуу майрамдык салтанатка барган окурман билдирди.
Иш-чаранын максаты ашлян-фуну “Гиннестин рекорддор китебине” киргизүү болуп саналат. Мындан тышкары Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта шаар күнү белгиленүүдө.
Майрамдык салтанат уюштурулуп, ага Каракол шаарынын тургуну Атай Өмүрзаков жана “Адем” бий тобу өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле кечки саат 9да бир катар маданият өкүлдөрү өздөрүнүн чыгармаларын аткарышат.
Рубрики: Жаңылыктар