Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Бишкектин борбордук көчөлөрү ысыкка байланыштуу жуулуп жатат
01.07.2019 | 18:08
Күндүн аномалдуу ысыгына байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жуулуп турат. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери күн абдан ысык учурларда жолдорду жуу иштерин жүргүзүшөт. Учурда 8 тонналык 8 суу ташуучу унаа жолго суу чачып иштеп жатат.
Суу чачуу иштери жүргүзүлүп жаткан көчөлөр: Абдрахманов, Чүй, Шопоков, Ибраимов, Фрунзе, Московский, Токтогул, Киев.
Мындан тышкары суу чачуу иштери түнкү саат 2-3төрдө жүргүзүлүп, таңкы саат 7ге чейин уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар