Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
“Аалам” жана “Кенч” соода комплекстеринин жетекчилерине кылмыш иши козголду
18.07.2024 | 17:53
«Аалам» жана «Кенч» соода комплексинин жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар салыктан качуу үчүн жасалма ижара келишимдерин түзүшкөн. Сатуу жайларынын наркы жана соодагерлер төлөгөн ижара акысынын өлчөмү салык отчеттуулугунун алкагында жооптуу адамдар берген расмий суммадан бир нече эсе көп болгон.
Соода жайларында салыктык текшерүү жүргүзүлүп жатат.
УКМК маалыматында, «Аалам» жана «Кенч» ижара акысын 30%га арзандатуу боюнча иштерди баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом