Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Бишкектин төрт районунда Олимпиада түз эфирде чоң экрандан көрсөтүлөт
05.08.2024 | 17:49
Бишкектин төрт районунун тургундары Париждеги Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык спортчулардын таймаштарын түз эфирде чоң экрандан көрө алат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Мэрия спорт күйөрмандары үчүн борбор калаадагы ар бир райондо атайын аянтчалар уюштурулуп, LED экрандар орнотулганын билдирди.
Свердлов районундагы түз эфир:
Саат 22:00го чейин “Дордой Плаза” соода борборунда, 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичирайонунун Арбат гүлбагында;
Октябрь району:
Ынтымак-2 сейил багынын амфитеатрында;
Ленин району:
«Азия Молл» соода борборунда;
Аталган үч райондо түз эфирлер 5нен 11-августка чейин көрсөтүлөт.
Биринчи май району:
Т. Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) LED экран 6-августта орнотулат. Түз эфир күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин көрсөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом