Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Ошто атасынын унаасын айдап бараткан окуучу эки аялды коюп кетип, бири каза тапты
21.02.2020 | 10:42
Ош шаарында 15 жаштагы окуучу атасынын унаасы менен эки аялды койдуруп кетип, алардын бири окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Такталгандай, кырсык 19-феварль күнү болгон. Окуучу атасынын «Хундай Портер» унаасын баашкарып баратып, Ош—Араван жолунан 43 жаштагы Э.С. жана 45 жаштагы Р.Г. аттуу жарандарды коюп кеткен. Натыйжада Э.С. кырсык болгон жеринде каза болуп, Р.Г. ооруканага жеткирилген.
Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар