ЖАМКнын кызматкерлери жаранды тапанча менен коркутканбы? Мекеменин жообу

ЖАМКнын кызматкерлери жаранды тапанча менен коркутканбы? Мекеменин жообу

Бишкекте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери 19 жаштагы жигитти тапанча менен коркутканы тууралуу маалымат Телеграммдагы “oppa_kg” каналына жүктөлдү. 

Окуя 18-февралда Калинин жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгону жазылган.

Буга чейин милициянын кайгуул кызматы жогорудагы айтылган даректен 19 жаштагы жаранды тапанча менен атып салам деп коркуткан шектүүлөр кармалганын кабарлаган.

Ал эми ЖАМКнын басма сөз кызматы reporter.kg`ге  маалымат жалган экени айтты.

“Телеграммдагы “oppa_kg” каналы жалган маалыматты таратыптыр. Биз алардын ээлери менен байланыша албай жатабыз. Маалымат жарыялангандан кийин биз Бишкектеги бардык милиция бөлүмдөрүнө чалып, шектүүлөрдүн өздүгүн тактадык. Бирок кармалгандар эч кандай ЖАМКда иштебегендиги аныкталды”, — деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>