Кыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти17-ноябрга карата аба ырайыБүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болот
Олимпиадада байге уткан Жуманазарова менен Шаршенбековго канча акчалай сыйлык берилет?
07.08.2024 | 12:22
Бүгүн, 7-августка карата Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар 1 күмүш жана 1 коло медаль алышты.
Күмүш байгени балбан кыз Мээрим Жуманазарова, ал эми колону грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков алды.
Белгилүү болгондой, мамлекет Олимпиада байге алган спортчуларга акчалай сыйлык берилерин убада кылган.
Эми Олимпиаданын күмүш медалына кол жеткизген Мээрим Жуманазарова 7 млн сом, коло уткан Жоламан Шаршенбеков 5 млн сом сыйлык алат.
Ал эми алтын уткан спортчуларга 10 млн сом берилет.
https://reporter.kg/olimpiadada-bajge-algan-sportchularga-kancha-akchalaj-sylyk-berileri-ajtyldy/