Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу коло үчүн өзбекстандык балбан менен күрөшөт
09.08.2024 | 15:15
Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Алмаз уулу 57 кг салмакта күрөшүүдө. Ал кечээ, 8-августта таймашка чыгып, 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда америкалык Спенсер Лиге 2:12 эсебинде жеңилген.
Америкалык балбан финалга өткөндүктөн, Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн таймашты улантууга мүмкүндүк алган.
Көңүл жубатуучу беттеш бүгүн, 9-августта өтүп, Алмаз уулу кытайлык Ванхао Цзоу менен күрөштү. Ал беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашын тушеге басып жеңишке жетти.
Эми ал коло үчүн өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен күрөшөт.
Беттештер саат 23:30да башталат.