Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Кийинүүчү бөлмөдө тамак ичип жаткан балбандардын видеосу Парижде тартылганбы? Жооп
09.08.2024 | 14:33
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев соцтармактарга тараган кыргызстандык балбандар кийинүүчү бөлмөдө тамак ичип жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.
Тагаев аталган видео Париждеги Олимпиадада тартылганы тууралуу сөздөр чыкканын айтып, ал жалган маалымат экенин билдирди.
Анын айтымында, ал видео быйыл Бишкекте болгон Азия чемпионаты учурунда мелдеш өткөрүлгөн “Муз аянтчасынын” имаратынын ичинде тартылган
Рубрики: Жаңылыктар, Коом