ШКУ өлкөлөрү 2030-жылга чейин портторду жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча жол картасын даярдап жатышатӨкмөт башчы Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын абалы менен таанышты«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды
11.08.2024 | 01:31
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды.
Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Кыргызстандык балбан Нигерия жана АКШнын спортчуларын жеңип, жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого утулуп калган.
10-августта Тыныбекова коло медаль үчүн монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, атаандашын 6:6 эсебинде утуп алды.
Айсулу Тыныбекова Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды. 2021-жылы кыргызстандык балбан Токиодо күмүш байгеге ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар