Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалдыСоттолгондор үчүн эмне өзгөрөт? ЖАМК жаңы эрежелерди сунуштоодо
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды
11.08.2024 | 01:31
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды.
Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Кыргызстандык балбан Нигерия жана АКШнын спортчуларын жеңип, жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого утулуп калган.
10-августта Тыныбекова коло медаль үчүн монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешип, атаандашын 6:6 эсебинде утуп алды.
Айсулу Тыныбекова Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды. 2021-жылы кыргызстандык балбан Токиодо күмүш байгеге ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар