Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Ысык-Көлдө катуу сел жүрдү
12.08.2024 | 09:11
Ысык-Көл районундагы сел Чолпон-Ата шаарынын Тогуз –Булак тилкесинде 4 турак үйдү кааптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган.
Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.
Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап , 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде ӨКМден 27 куткаруучу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом