“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Чүйдө унааларын оюн салып айдаган 4 жаран айыпка жыгылды (видео)
12.08.2024 | 15:50
Чүйдө той кортежинде баратып, автоээнбаштык кылган 4 айдоочу айыпкы жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарга той кортежиндеги унаалар жолду тороп, айдоочулары унаасын оюн салып айдап баратканы тартылган видео тараган.
Бул факт боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү видеодогу эки Toyota Camry, Changan Eado EV460 жана Toyota RAV4 унааларынын айдоочуларын табышкан. Алардын ар бирине 15 миң сомдон айыппул салынып, унаалары айып короосуна колган.
Видео болсо “Бишкек-Чалдабар” унаа жолунда тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом