Махмудов: Алтын медаль албай, ишеничти актабай калганыма өзүмдү күнөөлүү сезип жатам 

Махмудов: Алтын медаль албай, ишеничти актабай калганыма өзүмдү күнөөлүү сезип жатам 

Бишкекте Парижден кайтып келген спортчуларды сыйлоо аземи өтүп жатат. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунда жакындары тосуп алышты.

Борбордук аянттагы иш чарага Садыр Жапаров дагы катышууда.

Кыргыз спортчуларынын курамасынын башчысы балбан Акжол Махмудов сөз сүйлөп, элдин ишеничин актай албай калганын айтты.

«Эл күткөн алтын медалды алып келе албай, ишеничин актай албай калдык деп өзүбүздү күнөөлүү сезип жатабыз. Кудай буйруса, эмки Олимпиада оюндарында алтын алганга толук күч аракетимди жумшайм. Ал үчүн бүгүндөн тарта даярданып, алтын менен келем», — деди ал.

Бул Олимпиадада кыргызстандык спортчулар 6 медаль – 2 күмүш жана 4 коло утту. Күмүш байгени балбан кыз Мээрим Жуманазарова жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалга Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков кол жеткизди. Кыргызстандан бул мелдешке жалпы 16 спортчу барган.

Медалдардын саны боюнча Кыргызстан Олимпиадага катышкан 200дөн ашык өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>