Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда
Олимпиада учурунда 37 ымыркай Акжол, 15и Айсулуу деп аталды
13.08.2024 | 12:21
26-июлдан 11-августка чейинки аралыкта төрөлгөн балдарга эң көп грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовдун ысмы ыйгарылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Париждеги Олимпиада өтүп жаткан учурда төрөлгөн кыздардын 15ине Айсулуу, 9у Айпери, 14ү Мээрим аталды.
Ал эми уулдарга: Жоламан – 12, Акжол – 37, Акжоламан – 2, Мунарбек – 1.
Ал эми жыл башынан бери Кыргызстанда 198 кызга Айсулуу , 118ге Айпери, 238ге Мээрим ысмы берилген. Акжолдордун саны 429, Жоламан -75, Мунарбек – 28, Акжоламан- 2.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт