Кыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшердиТамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жокКыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледи
Восток айылында айдоочу велосипедчен өспүрүмдү сүзүп кетип, бала каза болду
20.08.2024 | 12:00
Бишкектин Восток айылында айдоочу велосипедчен өспүрүмдү сүзүп кетип, бала каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 20-августка караган түнү болгон. “Субару Легаси” унаасынын 52 жаштагы айдоочусу (К.Б.) Восток айылында Ленин көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып 17 жаштагы өспүрүмдү (А.А.) сүзүп кеткен. Анын айынан өспүрүм окуя жеринде көз жумган.
Кайгуул кызматы билдиргендей, айдоочунун унаасы айып короосуна коюлду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми айдоочунун бөгөт чарасы бүгүн каралат.
Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.