Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат«Одни отговорки». Садырбаева раскритиковала Минсельхоз из-за сбыта картофеляТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштүКубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болду
Восток айылында айдоочу велосипедчен өспүрүмдү сүзүп кетип, бала каза болду
20.08.2024 | 12:00
Бишкектин Восток айылында айдоочу велосипедчен өспүрүмдү сүзүп кетип, бала каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 20-августка караган түнү болгон. “Субару Легаси” унаасынын 52 жаштагы айдоочусу (К.Б.) Восток айылында Ленин көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып 17 жаштагы өспүрүмдү (А.А.) сүзүп кеткен. Анын айынан өспүрүм окуя жеринде көз жумган.
Кайгуул кызматы билдиргендей, айдоочунун унаасы айып короосуна коюлду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми айдоочунун бөгөт чарасы бүгүн каралат.
Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.