Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн Асан Жанышов баштаган 5 балбан күрөшөт
Бүгүн, 2-сентябрда Испанияда 20 жашка чейинки балбандар (U-20) арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим балбандары килемге чыгып, 55, 63, 77, 87 жана 130 кг салмактарда таймаштар өтөт. Кыргызстандык балбандар аталган 5 салмакта тең күчүн сынайт:
55 кг (1/16 финал)
Барсбек Асанкожоев – Армен Геворгян (Армения)
63 кг (1/16 финал)
Эмирлан Дүйшөналиев – Илиан Айнауи (Франция)
77 кг (1/8 финал)
Нурэл Дүйшөнбеков – Давуд Маммадов (Азербайжан) менен Александр Соловейдин (Молдова) беттешинин жеңүүчүсү
87 кг (1/8 финал)
Асан Жанышов – Ачико Болквадзе (Грузия) менен Рубен Ивор Ван Вуктун (Түштүк Африка Республикасы) беттешинин жеңүүчүсү
130 кг (1/16 финал)
Самаган Ормонов – Артур Саркисян (Чехия)
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до башталат.