Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан айтып келип, кезектеги сессиянын ачылышы болду.
Парламенттин IV сессиясынын ачылышында Кыргызстандан гимни жаңырды.
Андан кийин жаңы шайланып келген 6 депутаттын бешөө — Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов, Арсланбек Эгембердиев, Аккулу Бердиев, Эрнис Айдаралиев ант берип, расмий түрдө депутаттык ишине киришти.
Эгембердиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин, Аккулу Бердиев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаровдун, Эрнис Айдаралиев «Ыйман Нуру» фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна келди.
Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан, Марипов №5 Ноокат округунан депутат болуп шайланган.
Ошондой эле №29 Свердлов округу боюнча депутат болгон Жумабек Салымбеков бүгүн ант берген жок. Төрага Нурлан Шакиевдин айтымында, ал ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү жыйынга келе алган жок.