Жакында эле мандатын тапшырган депутат БШКнын мүчөсү болду

05.09.2024 | 10:21

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болду.

Анын талапкерлиги бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жыйынында каралды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Абдалиевдин талапкерлигин 79 депутат колдоду.

Эскерте кетсек, Мейкинбек Абдалиев парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты болгон. Ал август айынын ортолорунда мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган. БШК 19-августта өткөн отурумунда Абдалиевдин депутаттыктан кетүү чечимин колдогон.

https://reporter.kg/zhogorku-keneshten-dagy-bir-deputat-ketti/

Scroll to Top