Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылдыОш шаарында калкы тейлөө жана унааларды каттоо бөлүмдөрү бир имаратта ачылдыМинсктен Орусия менен сүйлөшүүлөргө чейин: АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ким болушу мүмкүн?Кыргызстандын Жапониядагы туризм элчиси дайындалдыМотоцикл айдоо үчүн A жана A1 категорияларын кантип алууга болотКыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү каалайт
Жакында эле мандатын тапшырган депутат БШКнын мүчөсү болду
05.09.2024 | 10:21
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болду.
Анын талапкерлиги бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жыйынында каралды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Абдалиевдин талапкерлигин 79 депутат колдоду.
Эскерте кетсек, Мейкинбек Абдалиев парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты болгон. Ал август айынын ортолорунда мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган. БШК 19-августта өткөн отурумунда Абдалиевдин депутаттыктан кетүү чечимин колдогон.
https://reporter.kg/zhogorku-keneshten-dagy-bir-deputat-ketti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом