Байсалов Акаев экс-президент макамынан ажыратылбаганын билдирди
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамы дагы деле сакталууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын пикири боюнча, Акаевди эч ким экс-президент макамынан ажыраткан эмес.
“Мыйзам боюнча алганда, Аскар Акаевичтин дагы деле экс-президент деген макамы бар. Эгер аны кимдир бирөө макамынан ажыраткысы келсе, 2019-жылы А.Ш. Атамбаевге жасалгандай, импичмент процедурасы аткарылыш керек болчу. Бул менин жеке пикирим”, – деп, Байсалов коомчулукту өткөн иштерге эмес, бүгүнкү күндөгү маселелерге көңүл бурууга чакырды.
Эскерте кетсек, Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдогону бүгүн, 5-сентябрда белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талууга алынган.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин бийликтен кулатылган. Акаев өлкөдөн качып, Москвага кеткен. Кийинчерээк кызматын тапшырган.
https://reporter.kg/askar-akaev-eks-prezident-makamyn-kajtaruunu-kozdop-zhatat/