Бишкекте XX эл аралык «ОЙМО-2026» фестивалы башталдыБишкекте 28-майда «Китепкана түнү» маданий иш-чаралары өтөтДмитрий Бивол Кыргызстандагы F1H2O дүйнө чемпионатынын расмий амбассадору болдуБританиянын жаңы санкциялары Кыргызстанга эмнеси менен коркунуч туудурат?«Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө салым кошууга даяр»: Жээнбек Кулубаев БУУда сөз сүйлөдүЖапаров Кытайдын жогорку өкүлү менен саламаттыкты сактоо жана гуманитардык кызматташтыкты талкуулады
Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин 8,2 млн сомго оңдоо пландалууда
05.09.2024 | 17:31
Белгилүү акын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин жана анын терегрек-четин көрктөндүрүүгө тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган. Оңдоо, көрктөндүрүү иштерине 8 млн 525 миң сом каралган.
Сынак боюнча арыздар 19-сентябрга чейин кабыл алынат.
Алыкулов Осмонов 1915-жылы жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы көз жумган.
Акындын үйү “Сокулук көчөсү 10” дарегинде жайгашкан. Осмонов аны 1945-жылы сатып алып, өмүрүнүн аягына чейин – 1950-жылдын 12-декабрына чейин жашаган. Ал үй 1941-жылы салынган. Акыркы жолу оңдоо иштери 2000-жылдары жүргүзүлгөн. Үйдө оңдоо иштерин жүргүзүү керектиги бир нече жылдан бери айтылып келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом