ИИМ: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндары токтотулдуСүт өндүргөн смарт-фермалар Кыргызстанда пайда болушу мүмкүнТИМ: 72 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилди«Ош Ситинин» кардарлары тынчсызданбай эле койсо болот – президенттин администрациясыАлтынчы кайрымдуулук марафону Snow Leopard Run өзү менен эмне алып келет? Ирандыктар ишкердин таттууларды саткан дүкөнүн тартып алууда. Анын өнөктөшү Шымкенттеги СИЗОдо мыйзамсыз камалып жатат
Кыргызстанда такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт
06.09.2024 | 12:09
Кыргызстанда такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктан белгилешкендей, акыркы кезде тажрыйбасы жок айдоочулар тиешелүү документтерди чогултпастан, уюлдук тиркемелер аркылуу такси кызматына кирип, иштеп жатышат. Көзөмөл жок болгондуктан андай айдоочулар эс алуу режимин сактабай, күнү-түнү уктабай, чарчаңкы абалда элди ташууда. Анын айынан жол кырсыктары да болгон учурлар болууда. Ага байланыштуу жол милициясы такси айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүүнү чечкен.
Такси айдоочулары жол эрежесин бузган учурда 0777 102 102 номерине кабар берсеңиздер болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом