КР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт16-февраль: Күн ачык болотБишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайы
Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти болду
06.09.2024 | 14:55
Белгилүү кыргызстандык комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти болду. Тиешелүү жарлыкка 5-сентябрда коңшу мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиеев кол койгон.
Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси Нур Өмүрбаевге Өзбекстандын эл артисти наамы ыйгарылган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун 5-сентябрдагы жарлыгы менен Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго Кыргызстандын эл артисти, Юнус Ражаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун “Макомду салттуу аткаруу” кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом