Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Кыргызстандын көкпар курамасы Көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты
10.09.2024 | 14:34
Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты.
Кыргызстандык улакчылар бүгүн, 10-сентябрда өткөн жарым финалда Түркия менен ойноп, аларды 15:1 эсебинде жеңди.
Азырынча Кыргызстандын финалдагы атаандашы белгилүү боло элек: финалга Казакстан менен Россия беттешинде жеңишке жеткен команда чыгат. Алардын жарым финалы 11-сентябрда өтөт.