Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн Бишкектеги «студенттеринин окуусу саат 10:00до башталат» деген токтомун жокко чыгаруу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-сентябрда парламенттин жыйынында айтты.
Ал өкмөт студенттердин сабактарын кечирээк баштатуу менен жол тыгын маселесин чечебиз деп жатып, кечки жол тыгындарды кайра көбөйтүп салганын сөз кылды. Ошондой эле сабактары түштөн кийин башталган студенттер кечки саат 20:00-21:00го чейин окууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.
«Өкмөт студенттер окууга саат 10:00до барсын деп токтом чыгарган. Алар 2 нөөмөттө окушат. Эми экинчи нөөмөттөгүлөр саат 20:00-21:00 чейин окуп жатышат. Ошондой эле жол тыгындар 18:00дон баштап 21:00 чейин боло баштады.
Кечки 20:00до эч ким окубайт, окугусу да келбейт. Эч ким сабак өткүсү да келбейт», — деди ал.
Бекешев өкмөткө кайрылып, маселени карап, токтомду жокко чыгарууну сунуштады.
Дастан Бекешевди кесиптештери колдоп, мектеп окуучуларын да саат 07:30дан баштап окутуу чечимин жокко чыгаруу керектигин белгилешти.