Чүй облусундагы Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафесине тойго баргандар массалык түрдө ууланышты. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ооруларды алдын алуу борбору кабарлаганын «Марал» жергиликтүү маалымат булагы жазып чыкты.
Тамакка ууланып ооруканага жалпы 67 адам кайрылган. Алардын 58и жаткырылып, калгандары амбулатордук түрдө дарыланган.