Эмне үчүн жашообузда ITнин орду чоң? АКШда IT тармагында иштеген Айдана Өмүрбаеванын блогун сунуштайбыз

Эмне үчүн жашообузда ITнин орду чоң? АКШда IT тармагында иштеген Айдана Өмүрбаеванын блогун сунуштайбыз

АКШдагы Relativity Software компаниясында DevOps инженери болуп эмгектенген Айдана Өмүрбаеванын IT тармагы тууралуу инстаграмга жазган блогун сунуштайбыз. Мүмкүн сиздин жашооңузга да кереги тийип калат деген үмүттөбүз.

Жөнөкөй тил менен айтканда ITнин жардамы жок азыркы дүйнөгө белгилүү чоң компаниялардын жумуштары токтоп калмак. Себиби азыркы учурда өнүккөн өлкөлөрдө компьютер же интернетке көз каранды эмес бизнес же ишкана табуу мүмкүн эмес. Кээ бирлеринин жарымы IT платформада болсо көпчүлүгү 100% ITге көз каранды. Ал эми өзүңөр билгендей компьютер системалары жана интернет колдонулган жерде стандард онлайн сервис, онлайн секюрити жана системаларды жаңылап туруу маселеси бар.

ITнин өнүгүүсү менен компаниялар жашообуздагы ар бир көйгөйгө технологиянын жардамы менен жооп кайтаруу же чечим чыгаруу марафонунда десем болот. Ал IT жаатында болуп көрбөгөндөй атаандаштык жаратууда жана ITнин өнүгүүсүн башка деңгээлге чыгарууда. ITнин күн санап өнүгүүсүнүн жыйынтыгында компюьтер жана маалымат технология кадрларына болгон муктаждык өсүүдө. Жакында чыккан аналитиктердин статистикасы боюнча өнүккөн өлкөлөрдө IT багытындагы жумуштардын саны башка жумуштардын санына караганда эбегейсиз ылдамдык менен өсүүдө. IT кесиби учурдун эң тездик менен өсүп жаткан жана келечеги кең кесиптердин бири десем жанылышпайм. Азыр IT билимге маани берип көп адистерди даярдаган мамлекет келечектеги бай өлкөлөрдүн катарын толуктайт деп ишенем.

Урматтуу замандаш сиздин төмөнкү эки тандооңуз бар:

1. Дүйнө жүзүндөгү 3.2 миллиард жөнөкөй интернет колдонуучулардын катарын толуктоо.
2. ITге окуп ошол 3.2 миллиард элге кызмат кылуу.

Автордун пикири өзгөртүүсүз берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>