Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды

Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук титулун кайтарып алды.

15-сентябрда Парвдейс шаарында (Невада штаты, АКШ) UFC 306 турнири болуп өттү, анын негизги беттеши аялдардын жеңил салмак категориясында чемпиондук титул үчүн күрөштү камтыды.

Октагондо учурдагы чемпион, мексикалык Алекса Грассо менен кыргызстандык экс-чемпион Валентина Шевченко беттешти.

Ар бири 5 мүнөттөн турган беш раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого берип, чемпиондук наамды кайтарып алды.

Валентина Шевченко бул дивизиондо биринчи жолу 2018-жылдын 8-декабрында польшалык Йоанна Еджейчикти жеңип, чемпиондук наамга ээ болгон. Андан кийин кыргызстандык кыз титулун 7 жолу коргоп, бирок 2023-жылдын 4-мартында Грассого жеңилип калган.

Ошол эле жылдын 16-сентябрында спортчулар реваншта беттешип, ал тең чыгуу менен аяктап, Грассо курду сактап калган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>