Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдөРКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды
“Керемет Банкты” Казакстандан чакырылган адис башкара турган болду
16.09.2024 | 15:53
“Керемет Банкты” Казакстандан чакырылган адис башкара турган болду. “Акчабар” өздүк булактарына таянып жазгандай, Татьяна Куржей банктын башкармалыгынын төрайымы болот.
Маалым болгондой, Татьяна Куржей 2018-жылдан бери Казакстандагы “Евразия банкы” АКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп келген.
Банктын башчысы алмашары тууралуу фактыны “Керемет Банктын” сайтында башкармалыктын төрагасы Тимур Бекбаев тууралуу маалыматтын жоктугу да ырастап турат. Сайтта орун басарлар гана көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин “Акчабар” жазгандай, августтун башында “Керемет Банк” Юстиция министрлигинде кайра каттодон өтүп, анын түзүмүндө чет элдик үлүш пайда болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом