Кыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жатат
Министрлик-мекемелердин кызматкерлери да жумасына эки күн коомдук унаа менен жүрөт
24.09.2024 | 12:11
Президенттин администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматкерлер жумасына эки күн жумушка коомдук унаа менен келип-кетсин деген демилгесин колдоду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, президенттин администрациясы министрликтер менен мамлекеттик мекемелерге кызматкерлери экинчи жана төртүнчү күндөрү коомдук унаа менен жүрсүн деген тапшырма берген.
Эскерте кетсек, Бишкектин мэриясы май айынан тарта муниципалдык кызматкерлерге жумасына эки жолу (экинчи жана төртүнчү күнү) өз унааларын айдабай, коомдук унаа менен жүрүүнү тапшырган. Бул демилге жолдордогу тыгынды азайтуу, коомдук унаалардын ишине байкоо салып, талдоо жүргүзүү үчүн көтөрлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом